21 ноября 2020, 18:36

FB колдонуучу: Улукбек Өмүрзаков мыкты инсан экенин баары билишет

Бул тууралуу FB колдонуучу Орозгүл Данияровна жазды.

"Биз кыргыздар качанга чейин элим,жерим деген эр азаматтарды куугунтука алып журо беребиз? Ким жакшы иштерди аткарып,элге жакшы жагы менен таанылып,элдин алкышына татый баштаганда эптеп бир нерсени таап жалаа жаап болсо да тоскоолдук жаратып же абака алганды  адат кылып алдык. Бул жол менен кетсек эч качан узака бара албайбыз.  

Токтотпойлубу ушундай нерселерди. Мен билген  Улукбек Омурзаков озу прокуратуранын кызматкери,торт тарабы топ келишкен инсандардын бири. Кыргыз спортуна Улукбек Омурзаков эбегейсиз салым кошкон. Жонокой спортчулардан Кыргызстандын,Азиянын,дуйнонун чемпиондорун даярдап чыгып Кыргызстанды дуйного тааныткан. Улукбек Омурзаков озу ыйман жолунда журуп,жардыны колдон жетелеп,атасыздардын башынан сылап, Аллах жолунда ото кооп сооп иштерди аткарып жургон. Улукбек Омурзаковго жалаа жабып,кур доомат коюп жатышат.

Улукбек Омурзаков кандай жакшы жана мыкты инсан экенин баары билишет. Анткени Улукбек Омурзаков Кыргызстандын,Азиянын чемпионаттарын откоргондо баары барышкан,ошол журналисттер да барып тартып кетип телеканалдардан корсотуп журушкон. Баарын коруп,билип туруп элдин душманын кармагандай зулумдук менен кармап кетишти,элдин душманына мамиле жасагандай мамиле жасап жатышат. Кыргызда бир жакшы соз бар "Эки тоо корушпойт,эки адам корушот."деген. Улукбек Омурзаков кудай колдоп эркиндике чыгат ин ша Аллах.

Улукбек Омурзаков эркиндике чыкканда азыркы учурда жалаа жаап жаткандар,жалаа жабылганын билип туруп зулумдук жол менен кармап кеткендер жана  буйрук бергендер,жалаа жабылып жатса да ун катпай олтургандар ошондо Улукбек Омурзаковдун жузуно кантип карайсыздар? Улукбек Омурзаковго карата жасалып жаткан мыйзамсыз иштер токтотулсун! Улукбек Омурзаков акталып эркиндике чыгарылсын! Улукбек Омурзаковго боштондук",- деп жазат FB колдонуучу


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020