Канаттууларды өлкөдөн алып чыгып кетүүгө аракет кылган чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин  ТИИБдин Аба транспортогу ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери “Манас” аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 22-ноябрь күнү таңкы саат 05.30да чамасында “Манас” Эл аралык аэропортунун жүк ташуучу терминалынан  коңшу мамлекеттердин биринин жараны 1995-ж.т. С. Д. кол баштыгынан 5 даана ителги  табылган.  

Чет мамлекеттердин биринин жараны С.Д. беш ителгини, анын ичинен экөөсү өлүп калган ителгини алып кетүүгө аракет кылганы маалым болгон.  

Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  293-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кармалган жаран ЖПКнын 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган шектүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерди жүргүзүп жатат. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020