
Мен бир жумадан бери сабырдуулук кылып отурам. Бул тууралуу Садыр Жапаров "7-каналга" берген интервьюсунда билдирген.
Ал депутаттарды акылына келер, айткан калптарын оңдоор деген сабырдуулук менен күтүп жатканын айтты.
“Карап отурсам баары күндөн-күнгө күчөп жатышат. Ошондуктан, аларга жооп беришке туура келди. Текебаев, Иманалиев, Садык-Шер, Отунбаевалар айтып жаткан конституциянын долбоору 2010-жылдан бери талкууланып келе жатат. Бул долбоор Текебаевдин конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор. Аны мен жазган эмесмин. Болгону, эки гана сунуш киргизгем. Менин сунушум - парламент, президент, өкмөт деген үч баштуу башкарууну алып салып, президенттик башкарууну киргизип, парламентти калтыралы деген болчу. Бүгүнкү парламенттик башкарууда утуп келген партиялар биригип алып, мамлекетти үчкө бөлүп, кызматтарга ар кимди коюп жатышат. Аксап жатканыбыз ошондон. Ошол себептен биз, мындан ары элдик конституция болсун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштесин деген конституцияны түзүп жатабыз”, - деди Жапаров.