Өмүрбек Текебаевдин Маевскийден 1 млн доллар алганын бардык саясий элита билет. Бул тууралуу Садыр Жапаров “7-каналга” берген интервьюсунда билдирген.
“1 млн доллар алганы анык. Депутаттар бардыгы билет. Керек болсо Кулов дагы билет. Кулов калп десе Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет. Мен дагы тастыктап берем. “Мегакомду” эки топ сата турган болгон. Бирөө Текебаевдин группасы, бирөө башка группа болчу. Текебаевдин группасы Маевскийге сатам деп сүйлөшүп, алдын ала 1 млн долларын алып 2010-жылкы шайлоого жумшаган. Андан кийин анан, шайлоодон өтүп келип сатмак дагы калган акчасын чөнтөк кызыкчылыгына алмак 10-15 млн долларды. Ошол мезгилде “Мегакомду” чырылдап жүрүп мен сактап калгам”, – деди Жапаров.