Токмок базарында мал сатылбай жатат. Бул тууралуу редакциябызга окурман билдирип, жеринен тартылган видео менен бөлүшкөн.
Анын айтымына караганда, буга чейин мындан көрүнүш болчу эмес.
Эске салсак, буга чейин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министриТилек Токтогазиев айрым бодо малды экспорттоого убактылуу тыюу салуу ниетин билдирген.
“Малды экспорттоого тыюу салуунун негизги себептеринин бири асыл тукумдун кескин азайышы. Эгер тыюу салынбаса, анда бизден тукум ала турган эч ким болбогондуктан, бизде эт көйгөйү болот. Асыл тукумдарды сактоо мал чарбачылыгы үчүн стратегиялык маанилүү милдет. Үйүрдү жасалма уруктандыруу жолу менен жакшыртуу менен эт жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүнү көздөп жатабыз", - деп кошумчалаган ал.