24 ноября 2020, 12:01

Кубан Атабеков: Улукбек Өмүрзаковду күнөөлүдөй кармап-байлап карап турган элдин үшүн алып жатышат




Улукбек Өмүрзаковго мамилени мыйзам чегинде кылышса, күнөөсү болсо жооп берээр, ага чейин эле күнөөлүдөй кармап-байлап карап турган элдин үшүн ала берген кудайга деле жакпаса керек. Бул тууралуу Кубан Атабеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал Өмүрзаков менен таанышуу тарыхы тууралуу айтып берди

"Анда КТРКда иштеп турган убагыбыз, 2012-жылдары болсо керек эле. Уюлдук телефонум шыңгырап, бейтааныш катар сандарын кезектеги долбоорума катышкысы келгендердин бири болсо керек деп байланышсам, "Кубан байке кандайсыз, менин атым Улук, Ош шаарынын борбордук стадионунда эр уруш боюнча мелдеш өткөрүп жаттык эле, келип өзүңүз баштан аяк кыргызча алып барып бергейсиз, жок дебеңиз,учактын белетин дайындап койдук эле" деп сылык, жумшак айтылган үндү эшиттим. "Улук мырза, мен деген стадион эмес теле экрандын маңдайында гана сүйлөп жүргөн кишимин, анан калса андай эл жыйналган жерге орусча тили чыккандарды дагы чакырышчу эле", дедим. "Биз ушул мелдешибизди өзгөчөлөнтүп, жалаң эне-тилибизде алып барылышын туура көрөбүз, сиз эң башкысы келип эле берсеңиз, кандай алып барасыз эрк өзүңүздө", деген өтүнүчтү кыя албай "макул, бир байкап көрөйүн" деп сөзүмдү бердим. Сөз берээрин берип алганым менен эми кантип стадион толо элдин алдында, уюштуруучуларды ыңгайсыз кылбай алып барам деп уйгй-туйгу абалда жүрдүм. Анткен менен бардыгы кыргыз тилинде болушу керек дегени көңүл жубатып, жаңы нерсе менен алпурушуп көрүү дагы кызык болуп турду. 

Ошентип айтылган күнү Ош шаарына учуп, телефондогу чакырган Улук мырза менен жолугуштум. Илбериңки сылык үнүнө караганда, арыкчырай жигит болсо керек десем, алдымда субагайынан келген, алп мүчөлүү, көз карашы терең көз айнекчен өзүбүзгө курбалдаш, атына заты жарашкан мырза жигит турду. "Кош келдиңиз Кубан байке, бизге мелдештин кандай алып барылышы эле эмес, биздин биринчи мелдешибизди Кубан Атабеков бир орусча кошпой алып барды дегени  керек", деп ортодогу таанышуу аралыгын тез эле жакындатып жиберди. Мелдештин ачылыш аземинин сценарийин түзүүгө кол кабыш кылып, андан соң оюндарды олуттуу каада менен алып бара баштадым. мындай жүрүш менен стадионду уктатып алаарымды түшүндүм дагы ара-чолодо куйкум жыттанган сөз айкаштарын тобокел деп кошуп жиберип коюп жаттым. Колунун кычуусу канганча сабады, көтөрүп туруп жерге чапты эле аягы асманды карап калды, мурдунан муштумдун жыты кеткиз болду, ж.б. Ош шаарынын жашоочулары тамаша-азилди кылдат түшүнүшкөндүктөн кыраан-каткы менен коштоп жатты. Ошентип эки күнгө созулган мелдештен кийни уюштуруу тобунун төрагасы Улукбек Абдылдаевич Өмүрзаков шаардык аэропортко чейин өзү узатып барып,тең болгонубузга карабай  "Кубан байке, мелдешти биз күткөндөн да бийик деңгээлде алып бардыңыз, ыраазыбыз, муну үйдөгүлөрүңүзгө белекке жумшап коёсуз", деп конверт сунуп узатты. Тим эле өзүмдү керектүү кишидей сезип, учакка отурдум дагы Бишкекке учуп кеттим. Үйгө келип баягы конвертти ачсам, иштеген жеримдин эки айлыгын салып коюптур. Иштен тышкары кыргыз тили аркылуу кыска убакыттын ичинде эң көп тапкан каражатым ошол болду. Баягы арстан алганына эмес чалганына кубанат дегендей, конверт ичиндегиге эмес, чоң мелдешти алып бара салганыма кубанып жетине албаганым эсте калыптыр. Андан соң Улукбек Абдылдаевич көптөгөн эл аралык мелдештерге чакырып жүргөн жападан жалгыз уюштуруучу болгондугун белгилеп кетмекчимин. Улукбек мырзанын арты менен кийинчерээк 2018-жылы Ысык-Көлдө өткөн Көчмөндөр оюндарын кыргыз-англис тилинде алып барып, көрүүчүнү кай жерде жылмайтып, кай жерде тамшантыш керек экенин аңдап алдым. 

Айтайын дегеним, оозеки эмес иш жүзүндө уюштуруучулук дараметин көрсөтө алган, кыргыздын мыкты спортчуларын даярдоого шарт түзгөн Улукбек Өмүрзаков аттуу мырзага мамилени мыйзам чегинде кылышса, күнөөсү болсо жооп берээр, ага чейин эле күнөөлүдөй кармап-байлап карап турган элдин үшүн ала берген кудайга деле жакпаса керек.

Улукбек мырза, сизди күчтүү, майтарылгыз эрки бар жигит катары билебиз, сынбайсыз. Эр жигиттин башына нээлер келип не кетпейт!",- деп жазды Атабеков.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020