24 ноября 2020, 18:43

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Кытай өлкөсү менен кызматташууну чыңдоодо

Бүгүн, 24-ноябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолукту. Бул жонундо ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.



Жолугушууда, Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу өкүлү Цай Чжисюн жана Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин Кыргыз Республикасындагы Атташеси Чжоу Тиншэнь катышты.

“Мен Сиздерди ички иштер министрлигинде жолугуп жатканыма кубанычтамын. Белгилүү болгондой, 2019-жыл бирдиктүү аткарылган жемиштүү жана натыйжалуу иштерибиз менен, алдыга койгон пландарыбыздын татыктуу ишке ашышы менен эсте калды. Ал эми, өтүп бара жаткан 2020-жыл биздин тыгыз кызматташуубузга өзгөртүүлөрдү киргизди.  Бул аралыкта биз жаңы кесиптик жана турмуштук тажрыйбага ээ болдук.  Буга карабастан биз кызматтык жана адамдык мамилелерибизди мындан ары дагы бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө умтулабыз”, -деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.  




Өз кезегинде, элчи ички иштер министри Улан Ниязбековду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, бул кызмат орунда ийгиликтерди каалап, андан сырткары Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин башчысынын атынан куттуктоону тапшырды.  

“Кыргыз-кытай мамилелерин, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, кызмытташтыкты кеңейтүүгө салым кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигин жолугушууда билдирип мындан ары, иш-чара достук кырдаалда жана иштиктүү маанайда өттү”, - деп басма сөз кызматы маалымдайт. 



Ошондой эле, тараптар  терроризм жана экстремизм, баңгизаттарды  мыйзамсыз жүгүртүү, улуттар аралык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү иштерди талкуулашты.

Министрликтердин эки тараптуу кызматташууларынын учурдагы деңгээлин жогору баалашып, аны дагы өнүктүрүү керектигин белгилешти. Жолугушуу кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кадамдарды макулдашышты.


 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020