
Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаевди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана регламент боюнча комитеттин курамына киргизишти. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда парламенттин отурумунда белгилүү болду.
Эске салсак, Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн Административдик сотко кайрылган.
Административдик сот БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгарган.