Балбак Түлөбаев кинотеатрларды ачуу боюнча кошумча маалымат таратты (видео)
Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин айтымында, бардык санитардык талаптарды эске алуу менен 1-декабрдан тарта кинотеатрлардын жана фудкорттордун ишин жандандыруу пландаштырылууда.
Ошондой эле, супермаркеттерге мурдагыдай күнү-түнү иштөөгө уруксат берүү пландаштырылууда. Учурда тойкан жана ресторандар үчүн алгоритмди иштеп чыгуу аяктап жатат.