Президентикке талапкер Садык Шер-Нияз балдарын кара жумуш кылдырат. Мындай сүрөттү Ибрагим Нуракун уулу FB баракчасына жүктөгөн.
"Эртеменен келсем эле эки рабочий баланы өктөм үн менен башкарып атыптыр. Бу президенттикке талапкерге не болгон? - деп ойлонуп олтуруп чырк эттирип койдум. Тиги жигиттер эки аптадан бери эле карала-торала болуп, подвалды шыбап бүтүрө албай жүрдү эле. "Уруш" бүткөндөн кийин "Булар кимдер?", - деп сурадым:
- Балдарымды кара жумушка көндүрүп жатам.
- Кызыңызды да ушинтип тарбиялайсызбы?
- Жок. Кызым мени тарбиялайт, - деп жылмайып койду. Өзүмдүн тажрыйбаман билем, кыздар атага жакыныраак болот", - деп жазат Ибрагим Нуракун уулу.
