26 ноября 2020, 12:59

Гүлжамал Жороева: Ош окуясындагы бул фактыны айтышыма Улукбек каршы болчу




От күйгөн 2010-жыл.с акыреттик иш үчүн ачыктабай келдим. Бул тууралуу FB колдонуучусу Гүлжамал Жороева жазып чыкты. Ал бул маалымат тууралуу жазышына Улукбек Өмүрзаков каршы болуп келгенин кошумчалады.

"Каргашалуу  июнь окуясынын курмандыктарынын сөөгү  экспертиза  жана  тергөө  иштери үчүн  жумалап моргдо  туруп калган.  Курмандыктардын жакындарынан кечирим сурайм,  айтууга аргасызмын.... Сөөктөр  жыттанып,  курттап... Тийиштүү органдардан уруксат берилген соң сөөктөрдү коюу маселеси турган. Расмий бийлик өкүлдөрүнөн бирөөда  моргго жолошкон эмес...  Улутуна  карабай  кайгыдан кан  жутуп турган  маркумдардын  жакындарына сөөктөрдү кейиштүү абалда көрсетпөө керек деген демилгени дал ушул Улукбек көтөргөн. Ооба, учурда мафия деп коомчулукка  караланып жаткан Өмүрзаковдор бул иштерди өз милдеттерине алган. Маркумдардын саны канча болсо, тактап айтканда 36 жансыз дене, 1 баш , улутуна, жынысына, жердигине карабай баарына ак кепиндерин Ноокаттан сатып келишип, курттаган жасаттарды жууган моргдун кызматкерлерине акысын эч кимге көрсөтпөй Өмүрзаковдор берген, "Кан чыгарып, жыт чыгарып, жерге берели", - деп ага кеткен  чыгымдарды да Өмүрзаковдор чын дилден каржылашкан.  

"Кантип, кайда маркумдардын сөөгүн коюу керек?", -  деген маселеде да чечкиндүүлүк менен "Бөлбөй өзбек, кыргызды катар коелу", -деп акыл айткан да Өмүрзаковдор болгон.  Азыр мафия деп коомчулукка таңуулап жаткан Улукбек жаш болсо да даанышмандык менен мусулмандык милдетин аткарган. Канчалар ошол каргашада башын катып, айрымдары бизнестерин жасап жүргөн. Анын ичинде ошол Кайназарлар да өз көмөчтөрү  менен алек эле. Дал ушул фактылар расмий мамлекеттик ТВлардын архивинде сакталуу.  Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ошол иш-чарага катышкандарга  "Оор күндө Өмүрзаковдор мусалмандык милдетин аткарышты",-  деп ыраазычылык билдирген.        

Акырет,зекет, мусулмандык парыз, арам- адал эмне экенин жүрөгүнөн тааныган Улукбек баскынчылыкка барабы? Каргашалуу күндө мафияны чукугусу келгендер кайда эле?  "Мафиядан тазалануу керек" дегендер өздөрү ким?  Кудайдан коркушабы? Кимдерге тыйынча жардам берди?  Деги  МАФИЯ  деген эмне? Каралоочуну жактап жүзүн жашырып, пикир жазган колдоочулары! Сиздер алакан чаап жаткан адам коомчулукка эмне пайда келтирди?  Жазгылачы биз да окуп, таасирленели", - деп жазат колдонуучу.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020