Жарандык активист Максат Чакиев Кыргызстанда экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан конституциялык кеңешменин 26-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Чакиев англис тили кирсе өнүккөн өлкөлөр менен кызматташууга жол ачыларын белгиледи.

“Дүйнөлүк масштабда жүздөн ашуун, өзгөчө өнүккөн мамлекеттерде англис тили кенен колдонулат. Алардын ичинде бир тобу англис тилин расмий тил катары колдонот. Азыр заманбап технологияларга, дүйнөлүк процесстерге аралашалы десек протоколго англис тилин экинчи расмий тил катары киргизүүнү карап көрсүн деген тапшырманы берип койсоңуздар”, - деди ал.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020