
Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Сот Курманбек Дыйканбаевге карата УКМКнын тергөө абагында 2021-жылдын 24-январына чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандап алганы такталды.
Эскерте кетсек, Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоодо ал саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин башчысын баш тарткан учурда кызмат ордунан бошотулуп кетүү коркунучу менен ага 7 миллион сомдон ашык акча которууга мажбур кылган. Дыйканбаев ал каражатты шайлоо учурунда үгүт иштерине пайдаланган деп айтылууда.