
Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. Бул тууралуу президенттиккке талапкер Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Жапаров Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну туура эмес деп эсептейт.
"Орус тили биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек", - дейт Жапаров.