27 ноября 2020, 15:39

Мамат Акматов: Улукбек көзү азиз баланын бир жыл батир маселесин чечип берген




Улукбек Өмүрзаковдун жасаган жакшы иштерин айтып олтурсан түгөнбөйт. Бул тууралуу FB колдонуучусу Мамат Акматов жазып чыкты

"Адашпасам эки жыл болуп калды окшойт Улукбек экөөбүз асырбы, же шам намазын бирге Сулайман тоо мечитинде окуп чыктык. Улукбек экөөбүз сүйлөшүп турсак Улукбектин кол телефонуна коңгуроо келип калды, анан  Улукбек телефондо сүйлөшүп жатып эки ооздон бир ооз сизден да Алла ыраазы болсун деп жатты. Кийин сүйлөшүп бүткөндөн кийин "Ким менен сүйлөштүн досум эки ооздон бир ооз Алла ыразы болсун деп жаттын?", - деп сурадым.

"Досум бир жыл мурун үйдө телевизор көрүп олтурсам бир көзү азиз бала квартирадан кыйналып жатам, бала-чакам менен деп телефон номерин жазып чыгып калды. Дароо телефон номерин жазып калып, эртеси шаардан квартира таап, акысын төлөп, ошол көзү азиз баланы бала-чакасы менен ошол квартирага жайгаштырып эми бул жерде үй алгыча жашай бериңиз деп киргизип койгон элем. Ошол балага мамлекет тарабынан үй тийиптир, ыраазычылын айтып жатат", - деди.

Улукбек досум ошентип көзү азиз баланын бир жыл квартира маселесин чечип берген. Мындай иштерин айтып олтурсан четтен чыгат.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020