Акцияга чыккандардын бири мал багып күн көргөн тоолуктардын жайыты жоктугун, «Дашман» жаратылыш коругу элдин пикирин эске албай, жалган кол коюулардын негизинде уюшулганын билдирди.
Митингге чогулгандар ««Дашман» жаратылыш коругун элдин кызыкчылыгы эске алынбай түзүлгөн жана өз милдетин аткарбайт» деп белгилешип, аны жоюуну талап кылышты. Чогулгандар айтылган талаптар аткарылбаса, бир айдан кийин кайра чогуларын айтышты.
Бул корук аталган эки токой чарбанын аймагында 2012-жылы өкмөт токтому менен куралган.

