28 ноября 2020, 14:06

Муниципиалдык органдарда 900гө жакын бош орун бар

Учурда муниципиалдык органдарда 900гө жакын бош орун бар. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.

Алардын айтымдарына ылайык, өлкө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринде 9 миң 750 штаттык кызмат болсо,анын 8 миң 881и гана иштеп жатат. Ал эми калган 869у ваканттык орун.

"Кызматкерлерге муктаж болгон аймактар Ош жана Чүй болуп эсептелинет. Ал эми Нарын облусу жана Ош мэриясы менен шаардык кеңеши сынак жарыялап, кызматкер издегендердин соңунда. Ал эми жалпы республика боюнча бош турган жумуш орундарынын көпчүлүгү административдик кызматтар. Аларга мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, экономика жана башка адистиктерди аяктаган жогорку билимдүү адистер талап кылынат", - деп берилет маалыматта.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020