
Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышпай. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы түз эфир учурунда билдирди.
Ал Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин талапкерлигин алып салууну чечкенин кабарлады.
"Садыр Жапаров менен жолугушуп, сүйлөшөтүм. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин өзүмдүн талапкерлерлигимди алып салууну чечтим. Билим, маданият тармагында көп нерселерди биргеликте алып барганга боло турганына көзүм жетти", - дейт Садык Шер-Нияз.