
Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Ага караганда, кечээ, 30-ноябрь күнү саат 12:40та Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү Онкология институтунун жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 1973-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.