
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өз жерлерин мамлекеттин карамагына өткөрүп берет. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сарпашев тергөө ишинин жүрүшүндө 500 гектар жайыт жерин, 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кийинки жумада кайтарып берет.
Учурда сотко чейинки өндүрүш алкагында териштирүү иштери уланууда.