1 декабря 2020, 13:45

Данияр Сыдыков: Мага «ырымдап» берилген чемпиондук курларды октябрь окуясында уурдап кетишти




Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Сыдыков октябрь окуялары учурунда спортчу Азиз Сатыбалдиевдин анын ак үйдөгү кеңсесинен чемпиондук курлары уурдалгандыгын айтты.

Сыдыков бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Мен иш бөлмөмдө сыймыктануу менен аралаш мушташ боюнча чемпион Азиз Сатыбалдиевдин үч курун сактап жүрдүм. Чемпион мага үч курду сактоо үчүн берген. Үч чемпиондук кур жоголду, үч наам, ага көп жылдар бою машыгуу, эмгек жана тер төгүлгөн, ал Азиз үчүн гана кымбат эмес, мен жана мекенибиз үчүн да кымбат", - деп жазган Сыдыков.
1 комментарий
  1. Аноним#19348
    Ушул кантип болсун.
    Мейли акча уурдасын ,намыс дегенди да уурдап калганбызбы ?.
    Бир карын этти бир кумалак чиритет деген ушундайдан калган го менимче .
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020