
Курманбек Дыйканбаев Төрөбай Зулпукаровго карата каршы көрсөтмө берди деген маалымат жалган болушу мүмкүн. Бул тууралуу редакциябызга Төрөбай Зулпукаров билдирди.
Зулпукаров буга эч кандай негиз жок экенин белгиледи.
"Каршы көрсөтмө берүүсүнө эч кандай негиз жок. Ал эми Дыйканбаев 7 миллион сом алган деген маалыматты массалык маалымат каражаттарынан жана соцсеттерден окуп билдим", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым басылмалар Курманбек Дыйканбаевдин тергөө менен кызматташууга макул болуп, Зулпукаровго каршы көрсөтмө бергенин жазып чыгышкан.
Курманбек Дыйканбаев 24-ноябрь күнү кызмат абалынан пайдалууну фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган.