
ИИМ Эл аралык маанидеги жолдорунда “Жол кыймылынын эрежелерин сактаңыз!” аттуу челендж өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.
Оор жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана болтурбоо үчүн жол кыймылынын коопсуздугу көйгөйүнө жол кыймылынын катышуучуларынын көңүлүн буруу жана жолдордо коопсуз жүрүм-турумду кеңири жайылтуу максатында, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ кызматкерлери менен биргеликте “Жол кыймылынын эрежелерин сактаңыз!” аттуу челенджин өткөрүштү.
Уюштуруучулар мындай иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугу көйгөйүнө жол кыймылынын катышуучуларынын көңүлүн бурат деп ишенишет.
ИИМдин ЖКККББ өмүр жана ден-соолук эң жогорку баалуулук экендигин эскертет. Ал эми жол кыймылынын эрежелерин сактоо - ар бирибиздин коопсуздугубуздун кепилдиги!


