3 декабря 2020, 11:19

Таластагы кырсыктан жабыркаган айдоочунун абалы оор экени айтылды




Талас облусуна караштуу Кең-Арал айылында катталган кырсыктан каза болгондор жок. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, Ford Transit, Toyota Wish жана Жигули үлгүсүндөгү үч унаа кагышкан. Кырсык, кечээ 2-декабрь күнү болжол менен түшкү саат 13:30 чамасында катталган. Ford Transit унаасы Бакай-Ата районунан Таласты көздөй бара жатканда Жигули унаасы карма-каршы тилкеге чыгып, алардын артынан келип Toyota Wish унаасы сүзгөн. Жалпысынан бир айдоочу жана эки жүргүнчү жабыркаган.

“Жабыркаган айдоочу учурда оор абалда. Калган эки жүргүнчү бүгүн ооруканадан чыгат. Айдоочуларды текшергенибизде ичимдик ичпегени аныкталган”, - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020