Икрамов Токтогазиевге: Эркек малдарды чет өлкөгө чыгарыш керек, алар пайдасыз (видео)

3 декабря 2020, 14:12

Көп жарандар малды чет өлкөгө чыгарууга тыюу салынышы боюнча кайрылып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов министр Тилек Токтогазиевге суроо берип жатып билдирди.

Икрамов Токтогазиевдин бир койго жылына канча чыгым кетерин сурады.

"Биз дыйкандар менен жолугуштук. 200дөн ашык дыйандардын ичинен 30 киши шайланып, бизге келишти. Дыйкандар азыркы баа боюнча баары жакшы экенин билдиришти. Биз дагы байланышып турабыз", - деп жооп берди Токтогазиев.

"Тыюу салынганы бир чети туура чыгар. Бирок, эркек малдар пайдасыз болот. Аларды экспорго чыгарыш керек. Мамлекетке акча түшүшү керек", - деди Икрамов.

"Туура, эркек малды чет өлкөгө чыгарууга уруксат берсек болмок, бирок жалпы система жакшы иштебей жатканына байланыштуу ушундай болуп калды", - деп белгиледи Токтогазиев.
2 комментария
  1. Аноним#3505
    Система эмес, министрлик иштебейт. Эгер система болсо. Мамлекетке эмес, депутаттын чөнтөгүнө акча түшүп туруш керек
  2. Аноним#3712
    Озу кыйратып койгонсуп,суроо берип койгонун уялбай эптеп шайлоонун алдында,элге корунуш керек да.озбектер жалан ургаачы алып атса,эмне кылыш керек
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020