Жаңы жылда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат
Кыргызстандыктар жаңы жылда 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
1-январ мамлекеттик майрам болгондуктан кыргызстандыктар эс алышат, бул күн жума күнгө туура келет. Андан ары 2-3-январь ишемби жана жекшембиге туш келет.
Алдын ала маалымат боюнча, бул жолу иш күндөрү жылдырылбайт. 4-январдан 6-январга чейин кайрадан жумушчу күндөр. 7-январь, бейшемби, өлкөдө дем алыш күн, ал эми сегизинчи күнү дагы иш күн.