
Жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдалиев Кабыл Кушбаковичке сөгүш берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.