4 декабря 2020, 17:57

"Бул силердин акчаңар эмес!" "Реформа" партиясы БШКдан 5 миллион сом күрөөсүн кайтарып берүүнү талап кылууда




Реформа партиясынын БШКнын 5 млн сом күрөөнү мыйзамсыз кармап калуусу жөнүндө кайрылуу таратты. Партиянын маалыматына караганда, мурдагы бийлик жана 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан бийликке жаңы күчтөрдүн келүүсүнө жолтоо кылуу максатында партиялардын парламенттик шайлоого катышуусу үчүн 5 миллион сомдук эбегейсиз чоң шайлоо күрөөсү киргизилген. Партия тарапташтардын теңдешсиз колдоосу астында краудфандинг жолу менен бул күрөөнү чогултуп шайлоого катышкан.

Партия тараткан билдирүүдө БШК алардын кайрылууларын карабай, БШК ар түрдүү шылтоолор менен күрөөнү кайтарып берүүдөн баш тартып жатат. 28-ноябрда күрөөнү кайтарып берүүдөн расмий баш тартуу келген. 




"Биз жеке пайдабызды көздөп бул каражаттарды алуу үчүн күрөшүп жаткан жокпуз. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, бул 5 миллион сом аларды берген жарандарга жана уюмдарга кайтарып берүүгө жатат. Бизге бул күрөөнү чогултууга жардам кылгандардын ар бири бир сомуна чейин өз каражаттарын кайтарып алышат. Биз ушул каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылабыз, анткени тарапташтарыбыздын алдындагы өз жоопкерчилигибизди сезип жатабыз, алар экономикалык кризис жана пандемия жүрүп жаткан өтө татаал учурда Реформа партиясына жакшы жашоо, гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн күрөшкө катышууга жардам катары өз каражаттарын бөлүп беришкен. Азыр бул каражаттарды мамлекет уурдап албоого тийиш, алар бүгүнкү татаал учурда адамдарга кайра кайтарылып берилүүсү кажет. 
 Биз өз тарапташтарыбызга акчаларын кайтарып берүү үчүн сотко кайрылабыз жана мыйзамда каралган башка чаралардын баарын колдонобуз. БШКсын жоопкерчиликти башка органдарга түртө салбоого, жарандарга каражаттарын кайтарып берүү боюнча мыйзамдуу жана адилеттүү чечим кабыл алууга чакырабыз. Бул силердин акчаңар эмес!", - деп жазылат билдирүүдө.




Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020