4 января 2021, 16:22

Түлөбаев: Бишкектеги кара түтүндү кийинки жылы гана жок кыла алабыз, быйыл эмес (видео)

Бишкек ЖЭБин газ менен иштөөгө өткөргөндө гана шаардагы кара түтүн токтойт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев видео кайрылуусунда билдирди.

Ал бул жылдын алкагында аталган көйгөйдөн арылуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

"Кара-Кечеден келген көмүрдү токтотуп, Бишкек ЖЭБ газ менен иштегенде гана шаардагы кара түтүндөн кутулабыз. Мен болгон чындыкты айтып жатам", - деди Түлөбаев.


1 комментарий
  1. Аноним#1119
    Аны башка, жаны Мэр жок кылат. А сен кетесин жакын арада
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020