8 января 2021, 14:32

Президенттикке талапкерлер 5,6 миллион сомду салык жана социалдык чыгымдарга сарпташты

Кыргызстандагы президенттикке талапкерлердин шайлоо фондунан дээрлик 5,6 миллион сом салык төлөө, социалдык милдеттенмелерди төлөө жана башка чыгымдарга сарпталды. Мындай маалыматтарды БШК таратты.

Жалпысынан 30-декабрга карата президенттикке талапкерлер шайлоо фондунан чогултулган 112 миллион сомдун 103 миллион сомун сарпташты.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине талапкерлер эң көп акча коротушту - бул сумма 60 миллион сомду түздү же бардык чыгымдардын 58% түздү. Аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөөгө, жайларды жана жабдууларды ижарага алууга, транспорттук жана командировкалык чыгымдарга, байланыш кызматтарына, кеңсе буюмдарын жана шаймандарды сатып алууга дээрлик 21 миллион сом (бардык чыгымдардын 20%) жумшалган.

Шайлоо күрөөсүн төлөөгө 17 миллион сом (17%) кошулду. Башка чыгымдарды, салыктык чегерүүлөрдү жана социалдык милдеттенмелерди төлөө үчүн - 5,6 млн сом (5%).
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020