8 января 2021, 16:21

Президенттиккке талапкердин бирине байланыштуу маанилүү билдирүү жасалабы? УКМКнын жообу




Чагымчыл билдирүүлөрдү таркатуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. 
 
УКМК кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин бирине байланыштуу маанилүү билдирүү жасаганы жатат деген социалдык тармактарда жайылтылган маалыматтар фейк экенин билдирет.

"Бул кайрылууда көрсөтүлгөн фактыларды айрым талапкерлер Кыргыз Республикасындагы маанилүү Президенттик шайлоо алдында Президенттикке талапкерлердин бирин атайын жаманатты кылуу максатында жайылтышууда.
Буга байланыштуу, КР УКМК башка бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте деструктивдүү күчтөрдүн чагымчыл иш-аракеттерин алдын алууу иштерин жүргүзүп жатат.
УКМК жеке саясий жана башка күчтөргө кызмат кылбайт жана ошондой эле айрым топтордун өзүмчүл максаттарына жетүү үчүн саясий курал болуп бербейт. Негизги максаты - элдин жыргалчылыгы жана Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылуу.
Ошондой эле күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин эске салат. Абалды көзөмөлдөө үчүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчтөрү, каражаттары жетиштүү", - деп жазылат маалыматта.

УКМК Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарынын чегинде чагымчыл жана ушул сыяктуу мүнөздөгү башка билдирүүлөрдү тараткандар бонча жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020