10 января 2021, 10:44

Тыныбекова: Кыйналып жүргөндө ийгилигимди жалгыз Камчы Көлбаев баалап, унаа белек кылган




Спортчу Айсулуу Тыныбекова мындан үч жыл мурун Камчы Көлбаев белек кылган унаасын көрсөттү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Атын атаса - куту сүйүнөт" дейт кыргызда. Бүгүн мени колдоп келген Камчыбек Көлбаев агам тууралуу жазгым келди. Мага берген белегин ачыкка чыгарууну туура көрдүм. Чын дилден жардам катары сунушталган белек үчүн ыраазычылык билдирем!
2017-жылы Парижде өткөн Дүйнө чемпионатынан ийгиликтүү кайтып келгенимде мага Toyota CHR маркасындагы жаңы авто унаасын белек кылган. Чынын айтсам ошол жылдары спорттук травма алып көңүлүм түшүп кыйналып жүргөн кезим эле. Бул ийгилигимди жалгыз сиз баалап кийинки бийиктиктерди багынтыгууга түрткү боло алдыныз, жаны авто унаалуу болуп көңүлүм көтөрүлүп алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга куч кубат алдым. Колдоо учун дагы бир жолу рахмат айтам!", - деп жазат спортчу.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020