Караколдогу тез тамактануучу жайдагы өрттөн 20 жаштагы кыз каза болуп, 6 адам жаракат алды

10 января 2021, 17:33

Каракол шаарынын борборунда тез тамактануучу жайлардын биринде газ баллону жарылып кетти. Окуянын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасында Алена Хоменко аттуу колдонуучу билдирди.

Ошондой эле ал окуя болгон жерге күбөлөрдүн кадрларын жарыялаган.

"Айрымдарда шайлоо болсо, бизде ушундай жамандык. Каракол шаарынын борборунан өрт чыкты. Фаст-фуд ресторанында газ баллону жарылган. Кыз база болду", - деп жазган Хоменко.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.

Маалыматка караганда, Горький көчөсүндөгү өрт тууралуу билдирүү саат 15.16да түшкөн. Саат 15.42де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

"Жарылуудан 20 жаштагы кыз каза болду. Дагы алты адам күйүк алышып, ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Алардын бардыгы ооруканага жаткырылган. Окуя боюнча тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020