Шайназаров билдиргендей, анын колунда бир гана маалымат бар, анда аталган шаарда Жапаровго 345, Мадумаровго 100 адам добуш бергени жазылат.
"Бул маалымат такталат", - деди Шайназаров.
Белгилей кетсек, социалдык тармакта эки башка чек тарап, биринде Жапаровго берилген добуштар көп болсо, экинчисинде Мадумаров көп добуш алганы көрсөтүлгөн.
