
Алдыда өтө чоң ашуулар, кыйынчылыктар турат. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жазды.
Ал Садыр Жапаров добуштарды өз абройу менен алганын белгиледи.
"Эл жеңди. Эл тажаган. Эл үмүттү тандады. Чыныгы жеңиш. Тарыхый чындык. Текши кыргыздын жеңиши. Садыр Жапаров ажобузду куттуктайбыз. Эми жалпы жардам берип өлкөнү өстүрөбүз. Өзүнүн абройу менен алды. Алдыда өтө чоң ашуулар, кыйынчылыктар турат. Убакыт керек. Колдоо керек", - деп жазат ал.