11 января 2021, 10:59

ИИМ: Өлкө аймагында коомдук-саясий абал туруктуу




Кыргызстандагы коомдук-саясий абал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов 11-январь күнү БШКнын басма сөз борборунда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкө аймагында шайлоо иш-чарасы учурунда ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери “күчөтүлгөн тартипте” коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылды. Анын ичинде, 2 миң 426 шайлоо участогундагы коопсуздукту 5 миң 400дөн ашык кызматкер камсыздап, ыкчам чара көрүүчү 280ден ашык документтештирүү топтору иш алып барды”,-деп билдирди министр.

Ал жалпысынан шайлоого байланыштуу 112 факты катталган кошумчалады.

"Анын ичинде, 2021-жылдын 10-январына чейин 78 факты, 10-январь күнү 34 факты (Бишкек шаарында 36, Ош шаарында 14, Чүй облусунда 17, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 8, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 3). Катталган 112 фактынын ичинен, 102 фактысы боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 7 факты кылмыштарга, 3 факты жоруктарга сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө (Өндүрүштөгү кылмыштар - Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1. Өндүрүштөгү жоруктар -  Чүй облусунда 1, Баткен облусунда
1, Ош облусунда 1).

Чечим кабыл алынган 102 фактынын ичинен, 12 фактысы Аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөн (Бишкек шаарында 8, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1). Учурдан пайдаланып, коомдук коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөткөн жергиликтүү бийлик органдарына, ички иштер органдарынын ардагерлерине, элдик кошуундарга жана кызматкерлердин тартипти сактоосуна шарт түзүүгө көмөк көрсөткөн  Борбордук шайлоо комиссиясынын жалпы жамаатына, эл аралык байкоочуларга Ички иштер министринин жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем",- деди Урмамбетов.

Андан сырткары, Октябрь Урмамбетов коомдук тартипти камсыздоого тартылган бардык күчтөргө  ыраазычылыгын билдирди.

Эгерде, өткөн жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен, кечээги Президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды салыштырып карап көргөндө, Президенттик шайлоо учурунда мыйзам бузуулар 468 учурга же 80,7% аз.

Өткөн шайлоодо жалпы 580 мыйзам бузуу боюнча маалыматтар катталып, анын ичинде 175 кылмыштар, 115 жоруктар, 18 бузуулар жана ар түрдүү маалыматтар боюнча 272 факты катталган.

Бул салыштырмалуу көрсөткүч - жарандарыбыздын шайлоого карата жоопкерчилиги жогору болгондугунан, туруктуулук жана өнүгүү үчүн ар бир жараныбыз кайдыгер эмес экендигинен кабар берет.

Азыркы учурда, өлкө аймагында коомдук саясий кырдаал туруктуу, одоно тартип бузуулар орун алган жок, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020