11 января 2021, 11:21

ШКУнун байкоочулар миссиясы өлкөбүздөгү президенттик шайлоо жана референдумду мыйзамдуу деп тааныды




Шайлоолор жарандык коомдун активдүү катышуусу жана жарандардын көзкарандысыз жана маалыматтуу тандоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен шайлоо кампаниясынын ачык-айкындуулук атмосферасында атаандаштык негизде өттү. Бул тууралуу ШКУ байкоочулар миссиясынын башчысы, ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов бүгүн, 11-январдагы брифинг учурунда билдирди.

“Байкоочулар миссияся Кыргыз Республикасындагы кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум колдонуудагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасында кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөндүгүн билдирди. Миссия улуттук шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгын байкаган жок", - деди ал.

Владимир Норов байкоочулар миссиясы шайлоо жана референдум мындан аркы демократиялык процесстер үчүн маанилүү кадам болгонун тааный турганын айтты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020