
Биз бул жыйынтыкка жетүү үчүн көп аракет кылдык. Бул тууралуу Садыр Жапаров орусиянын “Ъ” сайтына берген маегинде билдирген.
Ал 2010-жылдан тарта бийлик башына келүү аракетин көрүп келгенин айтты.
"Мен, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов ушул жыйынтыкка жетүү үчүн көп иштедик. 2012-жылы бизди Күмтөр маселеси үчүн абакка киргизип коюшкан. Ал эми 2017-жылы да ушул эле Күмтөр маселеси жана президенттик шайлоого катыштырбоо үчүн экинчи ирээт түрмөгө отургушкан", - деп кошумчалаган Жапаров.