11 января 2021, 14:12

Феликс Кулов: Жогорку Кеңеш 90 адамга чейин кыскарат деп айтылып жатат




"Кандай гана болбосун, кандай гана мыйзам бузуулар келтирилбесин, Президент шайланды. Эгерде ал убадасын аткара албаса, анда эл болгон жана болбогон нерсенин бардыгын эстейт. Бул ар бир саясатчынын тагдыры", - деп Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Жоопкерчилик өтө чоң. Өлкөнүн экономикасы терең кризисте, коом экиге бөлүнүп, бийликке болгон ишеним, шайлоодон кийин бардыгыбыз байкагандай, жок болуп жатат.Погондорду тагынгандар кызмат өтөөдө төмөнкү эрежени эске алуу керектигин билишет: "Сиз командирди адам катары сыйлабайсыз, бирок анын кызмат ордун сыйлап, мыйзамдын талаптарынын чегинде баш ийишиңиз керек". Бул эреже башкалар үчүн дагы актуалдуу деп ойлойм. Ошондуктан, аны шайланышы менен куттуктап, ийгилик каалап, биз муну элдин жакшы жакка өзгөрүүлөргө болгон үмүтү менен байланыштырабыз", - деди Кулов.

Ал парламент 90 адамга чейин кыскара деген кептер жүрүп жатканын жазды.

"Парламент, Жапаров айткандай, бир мандаттуу депутаттардын жарымы болуп, жарымы партиялык тизме менен шайланат. Азырынча Жогорку Кеңеш 90 адамга чейин кыскарат деген кептер айтылып жүрөт. Демек, партиянын тизмеси боюнча 45 депутат болот, демек, эң көп дегенде эки партия ЖКга өтөт", - деп билдирди Феликс Кулов.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020