11 января 2021, 16:21

Кочкоров: "Үй-бүлөмдүн ырыскысы" деп 5-10 миң сом акчалай колкабыш кылган элиме рахмат




Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров шайлоодо ага добуш берген жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

Ал сөзүндө өлкөнүн буга чейинки башкаруучуларына токтоло кеткен.

"Мени, менин программамды колдоп добуш бергениңиздерге, программамды элге жеткирүүгө бар күчүн жумшаган тилектештериме, "жүрөгүмдөн сизди колдойм, бирок, бул жолу сизге добуш бере албадым" деп каалоолорун айтышкан миңдеген күйөрмандарыма, "программаңыз элге жетип калса экен, үй-бүлөмдүн ырыскысынан атайын сизге алып келдим" деп 5-10 миң сом акчалай колкабыш кылган карапайым замандаштарыма баарыңыздарга ийилип таазим этип, ыраазычылык билдирем!
Буга чейин да көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген президенттер элдин үмүтүн актабай, аягы кейиштүү окуялар менен коштолгону баарыбыздын эсибизде. Менин тилегим, бул жолку колдогон элдин үмүтүнө суу себилбей, өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна түшсө экен. Жылдап чет жакта жүргөн ата-энесинин мээримине зар болуп, жол караган балдарыбыздын санаасы тыйылса экен. Калкыбыз байгер жашоого жетип, дүйнөнү саякаттап, бактылуу өмүр сүргөн элдердин катарында болсо экен. 
Баарыбыз бакубат, өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келет", -  деп билдирди Кочкоров.
1 комментарий
  1. Аноним#1099
    Эми бул киши мурдагы президенттерди суйлобой эле койсо болмок. Ошолор менен иштешип келдиго. Эми эки жуздуулук болуп калат го антип суйлосо.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020