11 января 2021, 18:29

Айгүл Жапарова: Садыр романтик эмес




2020-жылы ноябрда Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова Россиянын "Около политики" журналына маек курган.

Жапарова жолдошу менен кантип таанышканы жана үй-бүлөсү тууралуу айтып берген.

- Жолдошуңуз Садыр менен кандай тааныштыңыз эле? 

- Садыр экөөбүз аябай жаш кезибизде таанышканбыз. Дароо айтайын: ал романтик эмес. Студенттик жылдарда, Садыр Бишкекте жүргөндө, мен Караколдо окусам дагы, ал мага жума сайын телефон сүйлөшүүлөрүнө чакыруу менен телеграммалар жөнөтүп турчу. Ал убакта байланыштын ушундай бир эле түрү болгон. Анан той, балдардын төрөлүшү. Бизде төрт баланын ата-энесибиз. Жана ар бир баланын төрөлүшү биз үчүн чоң бакыт болду. Жаңы төрөлгөнү гана эмес, алардын алгачкы кадамдары, алар айткан биринчи сөздөр. Биздин балдар биздин кубанычыбыз, биздин бактыбыз, биздин сыймыгыбыз. Ар бир үй-бүлөдө эле ушундай болсо керек (жылмайып). Кээде жолдошум Садыр көп иштеп жүрүп, бир топ маанилүү нерселерди өткөрүп жиберген окшойт деп ойлойм коем.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020