
Кытай Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолун урматтайт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзян Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана референдум боюнча суроого жооп берип жатып билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Бишкектеги элчилиги маалымдады.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысынын айтымында, Кытай достук мамиледеги коңшусу жана Кыргызстандын ар тараптуу стратегиялык өнөктөшү болгондуктан, кыргыз тарап маанилүү саясий процесстерди мыйзам чегинде ийгиликтүү аяктап, өлкөдөгү туруктуулукту сактап, мамлекетти өнүктүрөт деп терең ишенет.
"Кытай тарап ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кытай-кыргыз мамилелерин илгерилетүү максатында кыргыз тарап менен эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар дайым тереңдетип, Кыргызстан менен достук мамилелердин курсун карманууну уланта берет", - деп айтылат маалыматта.