
Бүгүн, 12-январда мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Финполго сурак берүүгө кирип кетти.
Ал эмне себептен суракка чакырылганы боюнча кабары жок экенин айтты.
"Пандемия учурунда өкмөт жакшы иштеди. Суракка эмне үчүн чакырып жатышканын билбейм", - деди Боронов.
Эске салсак, кечээ, 11-январда экс-премьер-министрдин суракка чакырылганы айтылган.