12 января 2021, 12:53

Александр Мощин: Садыр Жапаровго концертти эл өзү каржылап берди




Ала-Тоо аянтында өткөн концертти эл өзү уюштурган. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Vesti.kg сайтына билдирген.

"Эл концерт үчүн акча чогултту. Штаб Бишкек мэриясынан концертти өткөрүүгө уруксат сурап, макулдугун алды. Концерт Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктагысы келген анын тарапташтарынын жеке каражаттарынан төлөндү. Башкача айтканда, майрамды эл өзү демилгеледи", - деп билдирген ал.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020