
Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр бар. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Атамбаевдин омурткасы ооругандыктан ал көпкө отура албайт.
"Биринчиден, омуртка оорусу, ошондой эле башка оорулар, анын ичинде жүрөккө байланыштуу оорулар дагы бар. Дарыгерлер операция жасоо керекпи же жокпу аныкташ керек. Бирок, экс-президентке ден-соолугунун жакшырышына алып келген толук дарыланууга мүмкүнчүлүк берилиши керек", - дейт ал.