
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын контрабанда менен күрөшүү боюнча бөлүнүштөрү тарабынан 2020-жылдын 12 айында бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 1371 укук бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аныкталган фактылардын ичинен Бузуулардын бирдиктүү реестрине 1155 факты, Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 343 факт боюнча 216 материал катталган. Бул иштер боюнча аныкталган зыяндын жалпы суммасы 666,1 млн. сомду түзөт.