Бүгүн, 14-январда Токмак шаардык ооруканасынын дарыгерлери мэриянын алдына митингге чыгышты.

Алар директор Бактыгүл Исаеванын кызматтан алынышына каршы. Дарыгерлердин айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги Токмок шаардык ооруканасын Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ) жана Чүй облустук стоматологиялык клиникасы менен бириктирүү чечимин кабыл алды.

Ушул оптимизациянын алкагында Исаеваны кызматтан бошотуу жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Айгүл Сыдыкованы бириккен медициналык мекеменин жетекчиси кылып дайындоо чечими кабыл алынды. Аял 60 жашта, башкача айтканда, пенсия курагында. "Бактыгүл Исаеваны Канат Исаевдин карындашы болгону үчүн гана жумуштан кетиришет" дешет дарыгерлер. Учурда дарыгерлер Токмак шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен жолугушуп, медициналык мекемеге жаңы жетекчини дайындоо маселесин талкуулап жатышат.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020