24 февраля 2021, 18:35

Кыргызстанда Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартиби бекитилди

— Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

— Кабыл алынган чечимге жараша, жалпы билим берүү уюмдарынын аймагында жер тилкеси жана тийиштүү материалдык-техникалык базасы болгон учурда мектеп алдындагы чарбаны түзүүгө укуктуу.

— Жер тилкеси болбогон учурда жалпы билим берүү мекемесинин директору мектеп алдындагы чарбаларды түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жер тилкесин берүү тууралуу арызы менен кайрыла алат.

— Белгилесек, учурда республиканын 1485 мектебинде 1-4 класстын окуучулары үчүн ысык тамактандыруу уюштурулган.

— Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен мектеп тамактандыруусун уюштурууга жылына бир окуучуга 7-10 сомдон эсептегенде, болжол менен 500 млн сом бөлүнөт. Бирок бул каражат окуучулардын тамактануу рационун тийиштүү түрдө түрлөнтүп, витаминдештирүүгө мүмкүндүк бербейт.

— Мектеп алдындагы чарбалардын болушу жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларына айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, ошондой эле алардын азык-түлүк рационун кеңейтүү аркылуу окуучулардын тамактануу сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

— Аталган чечим ошондой эле мектептерге азык-түлүк ассортиментин кеңейтүү, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алуу, санитардык-гигиеналык шарттарды, ошондой эле мектеп инфраструктурасын жакшыртуу үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021