25 февраля 2021, 09:56

Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Элчиси Женгиз Фыратты кабыл алды




— Премьер-министр Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Женгиз Фыратты анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

— Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Элчиге өлкөдөгү жемиштүү иши, ошондой эле Түркия Өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

— Жолугушууда тараптар соода, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкка тийиштүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында өтүүчү Кыргыз-Түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешин жана бизнес-форумду өткөрүү боюнча  маселелерди талкуулады.

— Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы элчини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташы менен куттуктап, ишине ийгликтерди каалады.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021