25 февраля 2021, 10:45

Унааны чимирилте айдап, балдар асманга ок чыгарган видео Таласта тартылбаганы тастыкталды

Инстаграм жана башка социалдык тармактарда «Таласта унааны чимирилтип айдаган бейбаштар асманга ок чыгарышты» деген аталыштагы видео боюнча Талас ОИИБи билдирүү жасады.

Маалыматка караганда, окуя Таласта болгон эмес.

Ал видеодо “Тойота-алтезза” үлгүсүндөгү ак түстөгү жана АB 707 UU номерлүү унаа бир ордунан чимирилип, унаанын жүргүнчүсү айнектен колун чыгарып асманга белгисиз үлгүдөгү  пистолеттен асманга атып  жаткан сыяктуу көрүнүштү көрсө болот. Кандай мүнөздө тартылган экендиги белгисиз.  Аталган видеонун негизинде Талас ОИИБи фактыны маалымат каттоо журналына каттоого алып, иликтөө иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  Унаа каттоо бөлүмүнөн дагы аталган унаа облус аймагында каттоодо жок экендигин тастыкталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021